KG
|
ENG
Татарстанда өткөн фестивалда Бишкек шаардык драма театры ийгиликтүү оюн көрсөттү. test

А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры Татарстандын Болгар шаарында 15-июлдан 23-июлга чейин өтүп жаткан “Кайра жаралуу: эпос заманбап окууда” аттуу фестивалда ийгиликтүү оюн көрсөттү.

Театрда айтылгандай, ачык асман алдындагы фестивалга «өзүнүн оригиналдуулугун кылымдар бою алып келген» түрдүү улуттун жана диндин өкүлдөрү катышууда.

Он күн ичинде дүйнө элдеринин эпостору боюнча спектаклдер, этно-дизайнерлердин мода көргөзмөлөрү, чоң концерттик программа жана элдик фьюжн аткаруучулардын шоу-концерти, чыгармачылык лабораториялар, этно-жарманке, балдар фестивалы, ар кандай мастер-класстар өткөрүлөт.

Фестивалдын конокторуна Якутиядан «Олонхо», Карелиядан «Кулерво», Болгариядан «Кубрат Хан» эпостору көрсөтүлөт. Фестиваль «Кара Пулат» операсы менен аяктайт.

атындагы Бишкек шаардык драма театрынын артисттери. А.Умуралиев 16-июлда ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарына, ошондой эле дүйнөдөгү эң чоң эпос катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген «Манас» эпосунун барактары менен тааныштырды.

 

“Манасчы” – Жүсүп Мамайдын вариантындагы “Манас” эпосунун негизинде драмалык уламыш. Режиссёр - Шамил Дыйканбаев. Сценографиясы Юлдаш Нурматов, костюмдар Зухра Мукамбетова, музыкасы Таалая Бейшеев, пластикалык режиссёр Сергей Стрельцов.